МАРКУМДАР ҮЧҮН (#15394)

*Бул дуба 15 жаштан ашкан маркум бахаилер үчүн окулат. «Маркумдар үчүн дуба – бул жамааттык түрдө окула турган жалгыз Милдеттүү дуба, б.а. топ менен окулушу керек; аны ишенимдегилердин ичинен бирөөсү гана окуйт, ал учурда катышып отургандар бардыгы үнсүз турушат... Бахаулла эскерткен, ...  бул дуба маркумдун сөөгү коюлаар алдында окулат жана аны окуганда Кыбылага кайрылуунун кажети жок». 
	
О, айланайын Кудайым! Бул – Сага жана Сенин жышаандарыңа терең ишенип, Сенден башканын баарынан толук арылуу менен Өзүңө кайрылган кулуң жана Сенин кулуңдун уулу. Акыйкатта, Сен кайрымдуулардын арасынан эң Кайрымдуусуң.
О, Сен, адамдардын күнөөлөрүн кечирген жана жосундарын жашырган Алла, бул кулуңа Өзүңдүн жоомарттыгыңдын асманына жана Өзүңдүн кут-берекеңдин мухитине ылайык ырайымыңды бер. Жер менен асман жарала электе эле бар болгон Өзүңдүн кынтыксыз ырайымыңдын чегине кирүүнү насип кыл. 
Түбөлүк Кечиримдүү, эң Жоомарт, сенден башка Кудай жок. 

*Андан кийин дубаны окуп жаткан адам алты ирет «Алла-у-Абха» деп кайталап, анан төмөнкү саптардын ар бирин он тогуз жолу кайталайт. 

Биз бардыгыбыз, акыйкатта, Кудайга сыйынабыз.   
Биз бардыгыбыз, акыйкатта, Кудайдын алдында таазим этебиз.
Биз бардыгыбыз, акыйкатта, Кудайга берилгенбиз.
Биз бардыгыбыз, акыйкатта, Кудайды даңазалайбыз.
Биз бардыгыбыз, акыйкатта, Кудайга ыразылык билдиребиз.
Биз бардыгыбыз, акыйкатта, Кудайга шүгүр кылабыз.  

*(Эгерде жаназа маркум аялга окулуп жатса, дубанын башында: «Бул Сенин күңүң жана күнүңдүн кызы» деп айтылышы керек)

-Bahá'u'lláh
-----------------------

МАРКУМДАР ҮЧҮН (#15395)

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сен даңктуусуң! Сен Өзүңдүн түбөлүктүү бийлигиңдин күчү менен зоболосун көтөргөндөрдү кордукка калтырбассың, Өзүңдүн түбөлүктүү мекениңе кирүүгө уруксат алгандарды Өзүңдөн алыстатпассың. О, айланайын Тенирим, Өз Өкүмчүлүгүң менен кучагыңа алгандарды кантип Өзүңдөн алыс кууйт элең, о, менин Эңсөөм, Өзүңдү баш калка кылып келгендерди кантип четке түртүп салат элең? Көккө көтөргөн пендеңди кайра төмөн кулатып, Өзүңдү эсинен чыгарбаган пендеңди Сен унутпассың?
Даңктуусуң, ченемсиз даңктуусуң Сен! Эзелтеден бери бардык жаратылыштын Падышасы Өзүңсүң, анын Баштапкы Кыймылдаткычы да Сенсиң жана кылымдар бою бардык жаратылгандардын Тескөөчүсү жана Теңири болуп кала бересиң. О, кагылайын Кудайым, Сен Даңктуусуң! Эгер пенделериңди Өзүңдүн ырайымыңан ажыратсаң, анда аларга ким ырайым көрсөтөт? Эгер сүйгөндөрүңдү колдооңдон ажыратсаң, анда аларга ким жардамга келет?
Даңктуусуң, ченемсиз даңктуусуң Сен! Өз акыйкатыңда Сен Сүйүктүүсүң, Сага бардыгыбыз табынабыз; Өз адилеттигиң менен Сен бизге анык болдуң, акыйкатта бардыгыбыз Сен жөнүндө күбө өтөбүз. Сен акыйкатта, Өзүңдүн ырайымдуулугуң менен Сүйкүмдүүсүң. Коркунучта Жардамчы, Өзүн Өзү бар Кылуучу, Сенден бөлөк Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

МАРКУМДАР ҮЧҮН (#15396)

Ал Кудайдын өзү, Бийик, Ырайымдуу жана Жоомарт Теңир! 
Даңкың арта берсин, о, Кудайым, бардыгынан Кудуреттүү Теңир! Мен Өзүңдүн кудуреттүүлүгүңө жана күчүңө, өкүмчүлүгүңө жана назик камкордугуңа, Өзүңдүн ырайымдуулугуң менен бийлигиңе, маңызыңдын Жалгыздыгына жана бөлүнбөс Болмушуңа, ыйыктыгыңа жана бул дүйнөдөгү бар нерсенин баарынан жогору экениңе күбөмүн. 
О, менин Кудайым, Өзүңө бекем карманып, Сенден бөлөк бардык нерселерден баш тартып, Сенин жоомарттыгыңдын мухитине карай, Сенин ырайымыңдын асманына карай жана Өзүңдүн ырайымдуулугуңдун Күндүзгү Жылдызына карай жүзүмдү бурганымды көрүп турасың. 
О Аллам! Өз пендеңе Ишенимиңди артып, ушул Жанга жашоо бергениңе күбөмүн. 
Сенин Ачылмаңдын Жарык Жылдызынын сонундугу менен жалынам – Өз күндөрүңдө бул пендеңдин жетишкендиктерин мээримдүү ырайымың менен кабылда. Ырайымыңдын даңкына бөлөп жана Өзүңдүн кабылдооңо ээ кыла көр. 
О, айланайын Теңирим! Мен жана бардык жаратылгандар Сенин кудуретиңе күбө жана Өзүңө жалынам - көктөгү мекениңе, жогорку бейишиңе, жакындыгыңдын турагына учуп кеткен ушул жанды четке какпа, о, Сен, бардык адамдардын Теңири! 
О, айланайын Жараткан, эч бир калем да, тил да баяндап берүүгө күчү келбеген көктөгү мекениңе кайтып барган кулуңа Өзүңдүн тандалмаларың менен, ыйык жандарың менен жана Элчилериң менен баарлашууну насип кыл. 
О, айланайын Теңирим! Ушул бечара, акыйкатта, Сенин молчулугуңдун Падышалыгына, ушул жолоочу Сенин мекениңдеги үйүнө, ушул чаңкаган жан Өзүңдүн жоомарттыгыңдын көктөгү дарыясына ашыкты. О, Алла, Өз ырайымдуулугуңдун салтанатындагы үлүшүнөн жана жоомарт белектериңден аны айырба. Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүүсүң, Ырайымдуусуң, Жоомартсың. 
О, кагылайын Кудайым! Сенин аманатың Өзүңө кайтты. Кайрадан Өзүңө барган пендеңе сыйларың менен белектериңди, ырайымдуулук дарагыңдын жемиштерин тартуулоо - көк менен жерди камтыган Өзүңдүн кайрымдуулугуң менен жоомарттыгыңа ылайыктуу! Сен Өз эркиңе ылайык бийлик кыласың; Боорукер, Ырайымдуу, Жоомарт, Кайрымдуу, Сыйкор, Кечиримдүү, Сүйүктүү, Даанышман Сенден бөлөк Кудай жок.
О, айланайын Теңирим, мейманга сый көрсөтүүнү адамдарга буюрганыңа күбөмүн, ал эми Сага көтөрүлгөн пендең, акыйкатта Өзүңө жетип, жакындыгыңа ээ болду. Ага Өзүңдүн ырайымдуулугуң жана жоомарттыгың менен карай көр! Сенин даңкың менен ант берем, пенделериңе эмнени буюрган болсоң, Өзүң да андан баш тартпайсың, Сенин жоомарттыгыңдын учугунан кармагандарды жана молчулугуңдун Күндүзгү Жарыгына карай көтөрүлгөндөрдү үлүшүнөн айырбасыңды мен жакшы билем. 
Бирдиктүү, Жалгыз, Кудуреттүү, бардыгынан Даанышман, бардыгынан Жоомарт, Сенден бөлөк Кудай жок.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

МАРКУМДАР ҮЧҮН (#15397)

О, Теңирим! О, Сен, күнөөлөрдү Кечирүүчү, көктөн ырыскы Жөнөтүүчү, кырсыктан Арылтуучу! 
Акыйкатта, Өзүңө жалбарып, дуба кылам, дене чүмбөтүн таштап, ыйык рух дүйнөсүнө учуп кеткен маркумдарды күнөөсүнөн арылта көр. 
О, Жараткан, алардын күнөөсүн тазалап, капасын айдап, караңгы түнүн жарык кыл. Бейиш багына кирүүгө ырайым эт, туптунук мөлтүр сууга чайка жана эң бийик тоо чокусунан Сенин асемдигиңди көрүшсүн!

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

МАРКУМДАР ҮЧҮН (#15398)

О, айланайын Кудайым! О, жараткан Алла! Сенин алдындагы кулуң, Өзүңдүн кудуреттүү күчүңдүн улуулугу алдында моюн сунуп, Сенин биримдик дарбазаңдын алдында башын ийип, акыйкатта, Сага жана Сенин ырларыңа ишенди, Сөзүңө күбөлүк кылды, сүйүүңдүн оту менен жалындады, Сенин билим мухитиңдин тереңине чөмүлдү, Өзүңдүн желаргыңа туткундалып, Өзүңө ишеним артты, жүзүн Өзүңө бурду, Сага өзүнүн дубаларын багыштады, Сенин кечиримиң менен ырайымыңа ынанды. Ал ушул өткөөл дүйнөнү калтырып, Өзүңө жолугуу үмүтү менен өлбөстүктүн Падышалыгына карай учту. 
О, Теңир, анын абалын жогорулат, Өзүңдүн улуу ырайымдуулук чатырыңдын астына ал, ажайып Бейишиңе кирүүгө уруксат эт жана анын көктөгү раушан багыңдагы өмүрүн түбөлүктүү кыл, ылайым, сыр дүйнөсүндө ал нур деңизине чөмүлсүн. 
Сен, акыйкатта, Жоомартсың, Кудуреттүүсүң, Кечиримдүү жана Берүүчүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

МАРКУМДАР ҮЧҮН (#15399)

О, кечирмдүү Теңир! Эчен жандар өз өмүрүн билбестик менен, өзүн оолак кармап, эч кимге багынбай өткөрүшсө да, Сенин кечирим мухитиңдин бирдиктүү толкуну күнөөгө баткандын баарын бошотот. Сен кимди кааласаң, Өзүңдүн ишенимдүү пенделериңден кыласың, кимге тандооң түшпөсө күнөкөргө айланат. Эгер Сен бизди адилеттүүлүгүңө жараша соттогон болсоң, биз бардыгыбыз Сенден ажыроого татыктуу болгон күнөкөр аталаар элек, ал эми Өзүңдүн ырайымдуулугуңду көрсөткөн болсоң, ар кандай күнөөкөр тазаланып жана ар кандай чоочун доско айланат. Ошондуктан бизге кечиримиңди тартуула жана Өзүңдүн ырайымыңды төк. Сен Кечиримдүүсүң, жарык Берүүчүсүң, бардыгынан Кудуреттүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

